Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

"Талибан" Гилманд провинциясындагы стратегиялык районду колуна алды


Ооганстандын түштүгүндөгү Гилманд провинциясынын губернаторунун орун басары Мохаммад Жан Расуллйар 21-декабрда талиптер бир нече күндүк салгылаштан кийин Сангин районун толук басып алганын билдирди. Расуллйардын айтымында, көтөрүлүшчүлөр андагы аскер объекттерин ала элек жана азыркы учурда салгылашуу уланууда. Кабулда улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла коопсуздук министри менен жолугушуудан соң президент Ашраф Ганиге “токтоосуз аракеттер” көрүлөрүн убада кылды.

19-декабрь күнү Гилманддын губернаторунун орун басары Расуллйар борбордон көмөк келбесе, провинция толук коркунучта калганын Facebook социалдык тармагына жазып эскерткен. Анда ал буга чейинки чакан салгылаштарда эле коопсуздук күчтөрүнүн токсондон ашуун кызматкери окко учканын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG