Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Блаттер менен Платини жазаланды


Эл аралык футбол федерациясынын президенти Зепп Блаттер менен европалык футбол федерациялар биримдигинин башчысы Мишель Платини футбол ишмердигинен сегиз жылга четтетилди.

ФИФАнын этика боюнча комитети бул эки жетекчинин ортосундагы ири өлчөмдөгү акча которуулар боюнча иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин мына ушундай чечим кабыл алды. Бирок бул эки чиновник коюлган дооматты четке кагууда.

ФИФАны 1998-жылдан бери үзгүлтүксүз жетектеп келаткан Блаттер быйыл май айынын аягында уюмдун президенттигинин шайлоосунан утуп чыккан болчу. Быйыл жайында Швейцарияда АКШнын өтүнүчү менен бир катар ФИФАнын жогорку даражалуу футбол чиновниктери коррупцияга шектелип кармалган болчу.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG