Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Асанов: Сариевдин төө буурчак тууралуу сөзү бурмаланып жатат


Премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асанов өкмөт башчынын төө буурчак тууралуу айткандарынын мазмуну бурмаланып кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Сариев өткөн аптада Бишкекте кенже курактагы балдарды өнүктүрүү маселелерине арналган жыйында балдарга кам көрүүнү күчөтүү, дегеле жарандардын өз саламаттыгына кам көрүүсүн жакшыртуу максатында витаминдүү тамак-ашка өтүү тууралуу чакырык жасаган.

"Анда кайсы бир улуттук тамакты алмаштыруу жөнүндө сөз болгон эмес. Колдогу мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен жакшы тамактанууга өтүү, тамактануу маданиятын өзгөртүү, рационду да жакшыртуу боюнча айтылган” деди Асанов.

Темир Сариевдин төө буурчак тууралуу айткандары социалдык тармактарда түрдүү шакаба-тамаша кептерди, талкууларды жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG