Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Израилдин ички иштер министри кызматтан кетти


Израилдин ички иштер министри Сильван Шалом бир нече аялдын сексуалдык ыдык көрсөттү деген айыптоосунан улам кызматтан кетти. Израилдин башкы прокурору бул жагдайды иликтөөнү тапшырды. Ички иштер министри Шалом бардык айыптоону четке кагууда. Бирок ал өзүнүн үй-бүлөсүнө көлөкө түшүрбөш үчүн кызматын таштаганын айткан.

Сильван Шалом 2015-жылы ички иштер министри болуп дайындалган. Ошондой эле ал өкмөттө премьер-министрдин орун басары да болчу.

Соңку жылдары Израилде жогорку даражалуу жетекчилер сексуалдык кылмышка шектелген бир нече учур катталган. Быйыл ноябрь айында эле башкаруучу коалициядан депутат Инан Магал ушундай себеп менен мандаттын тапшырууга арагсыз болгон. Израилдин мурдагы президенти Моше Кацав 2011-жылы зордуктоо жана сексуалдык бузукулук боюнча айыпталып, жети жылга соттолгон болчу.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG