Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик базаны күчөтүү үчүн көбүрөөк аскердик техникалар жайгаштырылганын 21-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, Ереванга жакын жердеги базага алты тик учак кошумча берилди. Краснодар крайында жайгашкан Ми-24 жана Ми-8 тик учактары Арменияга которулду. Орусия декабрь айынын башында Арменияга жети тик учак жайгаштырган эле. (AiT)