Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Ооганстанда америкалык алты аскер набыт болду


Ооганстан улуттук аскерлери.
Ооганстан улуттук аскерлери.

Кошмо Штаттардын коргоо министрлигинин кабарлоосуна караганда, Ооганстандагы Баграм аба майданына жакын жерде 21-декабрда жанкечтинин чабуулунан алты аскер курман болду. Бомба жардырылган учурда жарадар болгон америкалык дагы эки жоокер набыт болгону кабарланды.

Жол күзөтүнө чыккан аскерлерге жакын жерде жардыруучу зат жүктөлгөн мотоцикл жардырылган. Терактта жарадар болгондордун арасында ооган аскерлери да болгон. АКШ өкмөтү каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Кошмо Штаттар ооган элин жана өкмөтүн колдоодон баш тартпасын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG