Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:36

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Кадамжайда калк менен жолугушат


Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары Бел-Алма көмүр кенинде мыйзамсыз түрдө миңдеген тонна көмүр казылып жатат деп, бийлик башчыларына арызданышкан. Айыл өкмөттүн тургундарынын тобу өткөн жумада “Азаттыкка” келип, мыйзамсыз иштердин артында “Беш Арча” компаниясы жана коррупциялашкан бийлик өкүлдөрү турганын билдирген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн Майдан айыл өкмөтүндө калк менен жолугушат. Агенттик Бел-Алма жергесиндеги көмүр кенин иликтөөгө “Беш-Арча” компаниясына лицензия берген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG