Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Акыйкатчы болууга 35 талапкер катталды


Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына 35 талапкер катталды. Алар тийиштүү документтерди Жогорку Кеңешке тапшырып бүткөнү менен, фракциялар омбудсмен тандоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын парламент аппаратынын кызматкери Эмил Жумабеков “Азаттыкка” билдирди.

-Талапкерлер боюнча фракциялардын жыйыны бүтмөйүнчө шайлоо күнү белгиленбейт. Балким кийинки жумада шайлап калышы ыктымал.

Буга чейин парламенттеги 6 фракция 8 талапкерди көрсөтүп, 10-декабрдагы шайлоодо Жогорку Кеңеш алардын бирин да колдобой койгон. Шайлоо анда үч айлампа менен өткөн эле.

Жаңы жарыяланган тандоодогу 35 адамдын айрымдарын фракциялар көрсөтсө, көбүн коомдук уюмдар сунуштаган, кээ бирлери өзүн-өзү көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG