Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

23-декабрга аба ырайы


23-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, түндүк тарабында -8...-13, күндүз 1...3,

Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -15...20, күндүз -6...-11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -12...-17 градус болот.

Бишкек шаарында асманды ала-булут каптап турат, бирок жаан-чачын ыктымалдуулугу аз. Түнкүсүн -3…-5, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG