Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Кадамжайда Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу чыр чыкты


Баткендин Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенин иштетүүгө байланыштуу Майдан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары эки тарап болуп, кайым айтыша кетти. Чырдын негизин кенди иштетүүгө байланыштуу эки ача пикирлер түздү. Жаңжал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев аталган маселеге байланыштуу жергиликтүү тургундар менен жолугушууга барган учурда болду.

Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары Бел-Алма көмүр кенинде мыйзамсыз түрдө миңдеген тонна көмүр казылып жатат деп, бийлик башчыларына арызданышкан. Айыл өкмөттүн тургундарынын тобу өткөн жумада “Азаттыкка” келип, мыйзамсыз иштердин артында “Беш Арча” компаниясы жана коррупциялашкан бийлик өкүлдөрү турганын билдирген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн Майдан айыл өкмөтүндө калк менен жолугушууга барган. Агенттик Бел-Алма жергесиндеги көмүр кенин иликтөөгө “Беш-Арча” компаниясына лицензия берген. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG