Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча “Центерра” менен сүйлөшүүдөн чыкканын билдирди


Кыргыз өкмөтү Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясы менен Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгат. Сүйлөшүү быйыл апрелден бери жакшы жүрбөй, жыйынтыксыз болгондугунан улам ушундай чечим кабыл алынганы тууралуу кыргыз өкмөтү “Центеррага” маалымдады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Быйыл март айында “Центерра” Кумтөрдү иштетүү боюнча жаңы тоо-кен планын жарыялап, алтын запасы азайганын көрсөткөн. Бирок тараптар реструктуризациянын каржы-экономикалык модели боюнча да мунасага жетише албаганы өкмөттүн билдирүүсүндө айтылат. Ошондой эле “Центерра” биргелешкен ишкананы каттап, андагы корпортивдик башкаруу, соттук доолорду жайгарып, компаниянын ыйгарым укуктарын аныктоо боюнча да Кыргызстанга пайдасы аз болгон сунуштарды киргизгени белгиленет.

- Ошондой эле “Центтера” экология боюнча эл аралык AMEC компаниясынын сунуштарын да эске алган эмес. Ушуга байланыштуу кыргыз өкмөтү былтыр башталган сүйлөшүүнү токтотуу боюнча маалымдады. Андан сырткары өкмөт Кумтөр келишими Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт деп эсептейт, - деди Асанов.

Өкмөт Кумтөр боюнча Кыргызстанга көбүрөөк пайда берген долбоордун жаңы вариантын сунуштамакчы.

Кыргыз парламенти 2014-жылы Кумтөр боюнча 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. Анын негизинде келишим иштелип чыгышы керек эле. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG