Коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан экс-депутат Урмат Аманбаева ооруканада жатканына байланыштуу Бишкек шаардык соту ишти кароону 2016-жылдын 12-январына жылдырды. Бул тууралуу Аманбаеванын адвокаты Жыргал Бабаев “Азаттыкка” билдирди.
Шаардык сот экс-депутаттын жана анын адвокатынын апелляциялык арызын бүгүн карашы керек болчу.
Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Урмат Аманбаеваны Октябрь райондук соту 9 жылга эркинен ажыраткан. Ал Ошто кургак учукка каршы күрөш боюнча медициналык борбордо башкы эсепчи болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталган. (SE)