Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

ИМдин карамагындагы Рамади шаарын кайтарып алуу операциясы башталды


Рамади шаарын "ИМ" май айында басып алган
Рамади шаарын "ИМ" май айында басып алган

Үстүбүздөгү жылдын май айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун колуна өтүп кеткен Рамади шаарын кайтарып алуу үчүн Ирак армиясы ири контртеррористтик операциясын баштады.

Ирак бийлигинин маалыматына ылайык, аскерлер куралдуу күрт топтордун жана АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынын жардамы менен шаар борборуна жакындап калышты.

Багдаддан 100 чакырымдай алыс жайгашкан Рамади шаарын бошотуп алуу операциясы бир нече ай мурда даярдалып башталган. Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн маалымдашынча, Рамадиде экстремисттик топтун болжол менен 250-300дөй согушкери бар.

XS
SM
MD
LG