Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Орусия Иранга жаңы өзөктүк реакторлорду курат


Ирандын Атомдук энергия боюнча жогорку уюмунун өкүлү Бехруз Камалванди.

Ирандын Атомдук энергия боюнча жогорку уюмунун өкүлү Бехруз Камалванди.

Ирандын Атомдук энергия боюнча жогорку уюмунун жетекчи орун басары Бехруз Камалванди кийинки жумада Орусия Иранда жаңы ядролук реакторлордун курулушун баштаарын бүгүн билдирди.

Ирандын жогорку даражадагы аткаминери мындан башка толугураак маалымат берүүдөн баш тартты. Өткөн жылы Орусия Бушер шаарына жакын жерде курулган биринчи жарандык ядролук электростанцияга кошумча эки реактор куруу боюнча Иран менен келишимге жеткени маалым болгон.

Орусиянын соода жана өндүрүш министри Денис Мантуров 22-декабрда Москва Тегеранга кийинки жылы 5 млрд. доллар насыя берүүнү пландап жатканын айтты.

“Биз насыяны Иран өкмөтүнүн кепилдиги алдында таркатабыз” деп кошумчалады Мантуров.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин ноябрдын сонунда Тегеранга жасалган сапарында насыя боюнча алдын ала документтерге кол коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG