Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

“Болотная иши” боюнча камалган Непомнящих эки жарым жылга кесилди


25 жаштагы инженер Иван Непомнящих.
25 жаштагы инженер Иван Непомнящих.

Москванын Замоскворецк соту “Болотная иши” боюнча камалган Иван Непомнящихти "массалык башаламандыкка катыштыгы бар" деп таап, эки жарым жылга эркинен ажыратты.

25 жаштагы инженер ошондой эле 2012-жылдын 6-майында Болотная аянтында болгон оппозициянын акциясында полиция кызматкерлерине кол көтөргөн деп табылды. Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу полициячыларды "колу жана кол чатыры менен төрт жолу урган".

Непомнящихтин жактоочусу Ольга Динзенин айтымында, аны кесип жиберүүгө жетиштүү далилдер жок болчу. Ошондуктан ал сот чечими боюнча доо арыз жазарын билдирди.

“Болотная иши” боюнча 18 адам камалган. Алардын экөө шарттуу кесилип, 13үнө мунапыс жарыяланган, калгандары бошотулган. Укук коргоочулар бул иштин саясий өңүтү бар экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG