Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Британия Гилменд провинциясына аскер кызматкерлерин жөнөттү


Ооганстандын өкмөт аскерлери Гилмендде, 21-декабрь, 2015-жыл.

Ооганстандын өкмөт аскерлери Гилмендде, 21-декабрь, 2015-жыл.

Гилменд провинциясындагы Сангин району талиптердин колуна өткөнү кабарланган. Провинциянын губернаторунун 21-декабардагы билдирүүсүнө караганда, Сангин районундагы бардык жолдорду талиптер көзөмөлдөп турат. Ал эми район борборундагы акимчиликтин имаратын полиция кызматкерлери коргоп турат.

Британия Гилменд провинциясына аз сандагы аскер кызматкерлерин жөнөттү. Алар ооган аскерлерине кеп-кеңеш берет. Таймс гезитинин жазганына караганда, Гилменд провинциясында өкмөттүк аскерлерге жардам көрсөтүү үчүн британдык 30 аскер жана америкалык 60 атайын багыттагы жоокер жөнөтүлдү.

Ооганстанда кырдаал начарлап баратканын Пентагон өткөн жумада эскерткен. 21-декабрда Баграм аба майданына жакын жерде жанкечтинин жардыруусунан америкалык 6 аскер набыт болгон. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG