Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Орусиянын Сирияга соккусунан жүздөгөн адамдар набыт болгону кабарланды


Орусиялык аба соккусунан кийин, Сирия, 20-декабрь, 2015-жыл.

Орусиялык аба соккусунан кийин, Сирия, 20-декабрь, 2015-жыл.

Amnesty International уюмунун жаңы иликтөөсүндө сентябрь, октябрь жана ноябрь айларында Хомс, Идлиб жана Алеппо провинцияларына абадан урулган соккулардан 200дөн ашуун катардагы жаран өлүмгө учурап, жоочулар көп жабыр тартпаганы ырасталды. 15-октябрда Хомстун тегерегине урулган соккуда жер төлөдө жашынган кеминде 46 жаран каза тапкан.

Укук коргоо уюму Орусиянын соккусу адамдар жашаган райондорго, медициналык мекемелерге атайын багытталышы ыктымал экендигин билдирди. Бирок Орусия өз кезегинде анын чабуулу террорчуларга жана жоочуларга багытталганын айтып келет. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG