Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын жетекчи орунбасары кызматтан кетти


Федерациянын орусиялык спортчулардын допинг колдонушун талкуулаган жыйын.
Федерациянын орусиялык спортчулардын допинг колдонушун талкуулаган жыйын.

Федерациянын жетекчисинин орун басары Ник Дэвис кызматтан бошотуу тууралуу арызын 22-декабрда жазды. Ага Ник Дэвистин орус спортчуларынын допинг колдонгону тууралуу маалыматты жарыялабай турууга жасаган аракети себеп болгону маалымдалды.

Франциянын Ле Монде гезитинин жазганына караганда, 2013-жылы дүйнөлүк чемпионатка аз калганда орус жеңил атлетчилеринин допинг колдонгону маалым болуп, Ник Дэвис аны кеңири таратпоого аракет жасаган. Ал допинг колдонгон спортчуларды гана мелдешке жолотпой турууну электрондук почтасы арылуу жазган каттарында сунуштаган. Ник Дэвис мындай аракети менен тартип бузбаганын билдирүүдө.

2013-жылы Москвада өткөрүлгөн чемпионаттан кийин Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация Орусиянын 16 спортчусуна санкция киргизген. Азыркы кезде орус спортчуларына жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышуусуна тыюу салынган. (AiT)

XS
SM
MD
LG