Бир канча жылдан бери ишке ашпай келаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2016-жылы башталат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Коомдук телерадиого курган маегинде билдирди.
Сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын 15-декабрда Бээжиндеги кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян белгилеп, "үч тараптуу жолугушуу тез арада" өтүү керектигин жана келерки жылдын биринчи жарымында тийиштүү чечим кабыл алуу зарылдыгын билдирген.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылга жакын убакыттан бери сөз болуп келет. Жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 430 чакырымга созулуп, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде деп болжолдонгон. (AKu\SE)