Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Кара-Суудагы аткылоонун чоо-жайы иликтенүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында 22-декабрь күнү кечинде киши өмүрүн алган аткылоонун чоо-жайы иликтенүүдө. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдиргендей, түнкү саат тогузга жакын жергиликтүү тургунду белгисиз кишилер атып кетишкен:

-Бул боюнча атайын тергөө тобу иликтөө жүргүзгөн кезде, 37 жаштагы Юнусжан Абдужалиловду бир канча жолу атып, кылмышкерлер белгисиз унаада изин жашырышкан. Окуя болгон жерден белгисиз куралдын 12 даана огу табылган.

Жабырлануучу ооруканага жеткенде каза болгон. Маркумдун денесине 9 жолу ок тийгени аныкталды.

Жергиликтүү милиция иликтөө жүргүзүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG