Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кишиге кол салган карышкырлар атылып текшерүүгө жиберилди


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Нарында эки кишиге кол салып, жарадар кылган карышкырларды жергиликтүү аңчылар атып, Бишкекке адистердин текшерүсүнө жиберишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынан, агродепартаменттен, райондук ички иштер бөлүмүнөн жана санэпидэмстанциядан түзүлгөн комиссия окуя болгон Орук-Там айылына барышып, жабыркаган адамдар менен байланышта болгондорду текшерип жатышат.

22-декабрда айылдагы мектептин от жагуучусу таңкы саат жетиде жумушка бараткан кезде ага эки карышкыр кол салган. Жырткычтар от жагуучунун колун чайнап, ошол эле жерде турган дагы бир адамды тиштеген. Дароо эл топтолуп, аларды карышкырлардан арачалап калышкан. Жабыркагандар ооруканада, абалдары орто.(MiK)

XS
SM
MD
LG