Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Токтогул ГЭСиндеги экинчи агрегаттын трансформатор блогундагы авариянын себептери иликтенип жатат. 23-декабрда эртең менен авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон. “Электр станциялары” ишканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бул мүчүлүштүк электр иштеп чыгарууга кедергисин тийгизген жок. Учурда жумушчу топ авариянын чоо-жайын териштирүүдө.

Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана эң ири ирригациялык ишкана. Станция Кетмен-Төбө өрөөнүнүн түгөнүшүндөгү Нарын дарыясынын кууш жеринде курулган. 1975-жылдан бери иштейт. Төрт агрегаты бар.

Быйыл Токтогул ГЭСин кайрадан оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар, Евразия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз тарап өзү 40 миллион доллар кошот. Насыялар жеңилдетилген шартта берилет. Келишим парламенттин кароосунда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG