Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Рамади шаары жихадчылардан бошотула элек


Ирактын өкмөттүк күчтөрү Рамади шаарынын түштүгүндө, 22-декабрь, 2015-жыл.
Ирактын өкмөттүк күчтөрү Рамади шаарынын түштүгүндө, 22-декабрь, 2015-жыл.

Ирактын аскер жетекчилиги өкмөттүк аскерлер “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин Рамади шаарынан сүрүп чыгара турганын билдирди. “Жакынкы күндөрү Ирактын батышындагы Рамади шаары согушкерлерден толук бошотулат” деп билдирди "Иракия" телеканалына курган маегинде армиянын штаб зардалы Осман аль Жанэми.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү 22-декабрда быйыл май айында согушкерлер басып алган Рамади шаарына чабуул баштаган. Рамади шаары “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөп турган чоңдугу боюнча Тикриттен кийинки Ирактагы экинчи шаар. Ирактын аскер жетекчилиги бул салгылашууда шииттик кошуундарды сунниттик багыттагы согушкерлерге каршы колдонбоону чечкен.(KJ)

XS
SM
MD
LG