Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

“Центерра” кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө жооп берди


Кумтөр долбооруна байланыштуу маселелердин баары эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилиши керек. Бул тууралуу Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясы кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр долбоору боюнча былтыр кабыл алынган келишимден чыгуу боюнча билдирүүсүнө берген жообунда айтылат.

2009-жылкы инвестициялык макулдашуулардагы милдеттемелерди эске салган “Центерра” бул документти убагында Кыргызстандын бардык тийиштүү органдары жактырганын белгилеп, эки тараптуу ийгиликтүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин кошумчалаган. Бул маалымат "Центерра голд инктин" расмий сайтына жарыяланды.

22-декабрда Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызыкчылыктардан улам Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январда кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүдөн чыгарын маалымдап, жаңы долбоор даярдаларын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG