Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Жаңы жылда Украинанын чыгышында ок атышпайт


 Украинанын түштүк-чыгышы.
Украинанын түштүк-чыгышы.

Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу байланыш тобу чатакташкан тараптарды жарашууга чакырды. Бул чакырык 23-декабрдан тарта күчүнө кирип, Донбасстын тургундары жаңы жылды коопсуз жагдайда тосуп алууга тийиш экендиги үч тараптуу арачылар тобунун билдирүүсүндө белгиленген.

Ага ылайык, Украинанын чыгышындагы ок атышууну толук токтотуу шартнаамасы кыйшаюусуз сакталышына үмүттөнөбүз, деп белгиледи байланыш тобунун Минскидеги жыйынында ЕККУнун атайын өкүлү Мартин Сайдик.

Үч тараптуу байланыш тобу 22-декабрдагы жыйында мына ушундай чечимге келген. Эми чечимде көрсөтүлгөн шарттарды чатакташкан тараптардын бардыгы аткарууга тийиш, деп билдирди расмий Киевдин өкүлү Леонид Кучманын маалымат катчысы Дарья Олифер.(KJ)

XS
SM
MD
LG