Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Сангин үчүн оор салгылаш уланууда


Ооган коопсуздук күчтөрү Гилменд провинциясында, 23-декабрь, 2015-жыл.

Ооган коопсуздук күчтөрү Гилменд провинциясында, 23-декабрь, 2015-жыл.

Ооганстандын Гильменд провинциясында Сангин району үчүн өкмөттүк аскерлер менен талиптердин ортосунда оор салгылаштар уланууда. Согушкерлер бул жуманын башында Сангин районун толук көзөмөлгө алууга аракеттенген болчу.

23-декабрда Ооганстандын коргоо министри Сангин районуна кошумча күчтөр жөнөтүлгөнүн билдирди. Бирок ошого карабастан, ооган коргоо министри эл аралык коомчулуктан тез арада аскерий көмөк көрсөтүүнү сурады. Айрыкча ал абадан колдоо көрсөтүүгө ооган армиясы учурда муктаж болуп турганын белгиледи.

Британия жакында колдоо үчүн чакан аскер контингентин жөнөткөн болчу. Гильменд провинциясынын Сангин аймагы апийим айдоонун мекени жана курал-жарак соодасы өнүккөн тогуз жолдун тоому катары белгилүү. Мына ошондуктан Ооганстан бийлиги согушкерлерге киреше булактарын алып келиши мүмкүн делген бул аймакты колдон чыгарып жибербөөгө тырышууда. (KJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG