Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШнын визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси боюнча өзгөртүүлөрү Тегеран менен дүйнөлүк державалардын өзөктүк курал жаатындагы макулдашуусунун шарттарын буза турганын билдирди.

Вашингтон визасыз режим киргизген 38 мамлекеттин жарандарына карата коопсуздук талаптарын катаалдаштырган болчу. Эми бул өлкөлөрдүн беш жыл аралыгында Иранга, Иракка, Сирияга жана Суданга барган жарандары АКШга кирүү үчүн виза алууга туура келет. Иран бул өзгөртүүлөр өзөктүк программа боюнча жетишилген макулдашууну жокко чыгара турганын белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG