Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Орусия аннексияланган Крымга арналган жаңы акча банкнотун жүгүртүүгө киргизди


100 рублдик жаңы банкноттун бир бетинде Орусия өзүнүн Кара деңиз флотун сактап калган Севастопольдогу чөгүп бараткан кеменин, экинчи жагында Крым жарым аралындагы “Чабалекейдин уясы” сепилинин элеси түшүрүлгөн. Ошондой эле акчанын коргоо белгисинде Орусиянын чек арасын кеңейтүү үчүн 18-кылымда Крымды өзүнө караткан императрица Екатерина IIнин тушундагы эски империялык сары желектин түсү колдонулган. Орусиянын Борбордук банкы жаңы акча банкноту 20 миллион рубль өлчөмүндө чыгарылып, жүгүртүүгө киргизилгенин жарыялады.

Орусия аскерий операция аркылуу 2014-жылы мартта Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган болчу. Батыш баштаган эл аралык коомчулук Кремлдин бул жоругун айыптап, ага каршы санкцияларды киргизген. (KJ)

XS
SM
MD
LG