Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили кызматтан кетти


Ираклий Гарибашвили
Ираклий Гарибашвили

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили парламенттик шайлоодон кийин бир жылга жетпестен күтүүсүздөн кызматынан кетти. “Бүгүн мен бул кызмат ордумду тапшыруу тууралуу чечимге келдим. Бирок мен мекенимдин ишенимдүү жоокери бойдон калам” деп билдирди 23-декабрда калкка телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда өкмөт башчылыктан кетип жаткан Ираклий Гарибашвили. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүн Грузиянын жаш демократиясынын шартында жаш муунга үлгү көрсөтүү катары мүнөздөдү.

Учурда 33 жаштагы Ираклий Гарибашвили 2013-жылы 31 жашында өкмөт башчылыкка келип, Европадагы эң жаш премьер-министр болчу. Ираклий Гарибашвилинин каршылаштары аны саясий тажрыйбасы жок деп сынга алышып, мурдагы өкмөт башчы, миллиардер Бидзина Иванишвилинин “куурчагы” деп мүнөздөп келишкен.

XS
SM
MD
LG