Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

AI: Орусия Сирияда согуштук кылмыш жасоодо


Орусиянын аба соккуларынан кыйрады делген Идлиб шаарындагы имараттардын жанындагы эл. Сирия, 20-декабрь, 2015-жыл
Орусиянын аба соккуларынан кыйрады делген Идлиб шаарындагы имараттардын жанындагы эл. Сирия, 20-декабрь, 2015-жыл

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Орусиянын Сириядагы согуштук аракеттерин аскерий кылмыш деп баалады.

Уюмдун маалыматына караганда, бул өлкөдө орус учактарынын соңку айлардагы аба соккуларынан эки жүздөн ашуун жайкын тургундун өмүрү кыйылган.

Amnesty International укук коргоо уюму 23-декабрда жарыялаган жаңы баяндамасында Орусиянын Сириядагы аба соккуларын эл аралык гуманитардык укуктук эрежелерди одоно бузуу катары баалаган. “Орус аба күчтөрүнүн Сириядагы соккуларынан жайкын калктын арасындагы жоготуулардын көп болуп жатышы согуш кылмыштарына теңелиши мүмкүн, - деп айтылат баяндамада.

Анда өткөн сентябрь, октябрь жана ноябрь айларында Сириянын Хомс, Идлиб жана Алеппо шаарларына жасалган аба чабуулдарына көңүл бурулган. Маселен,15-октябрда Хомстун жанындагы бир аба чабуулу 46 жай тургундун өмүрүн алганы айтылат. Жалпысынан акыркы үч айдагы аба соккуларынан эки жүздөн ашуун жөн жай адам ажал таап, а чыныгы согушкерлердин арасындагы жоготуулар алда канча аз. Мындан сырткары тынымсыз урулган соккулар ири кыйроолорго да алып келип, бир канча үй, мечит, базар жана оорукана имаратары жер менен жексен болгон. Баяндамада андан ары аталган үч шаар тең “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүнөн алыс жайгашканы белгиленет.

Уюмдун эксперттери күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, видео жана фото далилдердин негизинде ушундай тыянак чыгарган. Алардын айтымында, орус аскер аба күчтөрү калк жыш жашаган аймактарда башкарылбаган жана кассеталык чачыратма бомбаларды колдонгону тууралуу да маалыматтар бар.

Amnesty International уюму эл аралык коомчулукту мындай гуманитардык укук бузууларды калыс иликтеп, күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартууга чакырды. Буга чейин Human Rights Watch укук коргоо уюму да Москванын Сириядагы аракеттерин айыптаган.

Орус учактарынын Идлиб шаарындагы аба соккуларын Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу да айыптап чыкты:

- Орусия аба күчтөрүнүн 20-декабрда Идлибге жасаган чабуулдарын кескин айыптайбыз. Чабуулдан акимчилик имараты менен бир канча турак жайлар жабыркады. Оппозициялык топтор алгач 40тай адам өлүп, дагы 35 киши жаракат алганын ырастап жаткан. Кийинчерээк андан ажал тапкандар эки жүзгө жеткени айтылууда.

Анкарадагы жыйындардын биринде ушинтип айткан премьер-министр Ахмет Давытоглу Сирия аймагы Москванын империалисттик максаттарынын курмандыгы болбостугун да кошумчалады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аба чабуулдар 20-декабрда оппозициялык күчтөрдүн карамагындагы Идлиб шаарынын борбордук бөлүгүнө жүргүзүлгөн.

Сириянын президенти Башар Асаддын бийликтен кетишин колдогон Түркия ага көмөк көрсөткөн Москванын аймакта жүргүзүп жаткан аскерий операциясын сындап келет. Орусия болсо аталган өлкөдөгү аскерий операциясы боюнча сындарды четке кагып, ал “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы багытталганын буга чейин бир канча жолу билдирген.

Amnesty International уюму соңку баяндамасын жарыялаган соң Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков укук коргоо уюмунун дооматын четке кагып, Сириядагы аскерий операция эл аралык укуктук ченемдерге ылайык жүргүзүлүп жатканын дагы бир жолу кайталады.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын быйыл 30-сентябрда баштаган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG