Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Кыргызстан жана Орусиянын аскердик жетекчилери жолугушту


Орусиянын 'Бук-M2' зениттик комплекси, Москва, Жуковский, 17-август, 2011.
Орусиянын 'Бук-M2' зениттик комплекси, Москва, Жуковский, 17-август, 2011.

23-декабрда Москвада Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымдоосуна караганда, Сергей Шойгу жолугушууда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн жаңы курал менен жабдуу боюнча планды аткаруу үчүн баары жасалып жатканын билдирди.

Жаңы куралдар менен камсыздоо Кыргызстан үчүн келип жаткан коркунучтарга каршы турууга жардамын тийгизет деген Сергей Шойгу Ооганстанда Даиштин топтору пайда болгонун эске салды. Жаныбек Капаров өз кезегинде кыргызстандык аскерлер Орусия менен кызматташууга дайым артыкчылык берип келгенин жана кызматташуу дагы өнүгөрүнө ишенимин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG