Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Токтогул ГЭСи толук иштей баштады


Бул тууралуу парламентте экономика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков билдирди.

Анын айтуусунда, ГЭСтеги авария 23-декабрда саат 08.03тө экинчи агрегаттын трансформатор блогунда болгон.

- Биз ошол замат чара көрүп, 34 мүнөттө калыбына келтирип, ГЭСте электр энергия берилди. Ошол учурда айрым аймактарга бир жарым саатка электр берүү чектелди. Учурда Токтогул толук кандуу иштеп баштады. Өчүрүүлөр жок, - деди Садыков.

Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү эң ири энергетикалык жана ирригациялык ишкана. Станция Нарын дарыясына курулган. Төрт агрегаттуу электр станция 1975-жылдан бери иштейт.

Быйыл Токтогул ГЭСин кайрадан оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар, Евразия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз тарап долбоорго 40 миллион доллар кошот. Насыялар жеңилдетилген шартта берилет. Келишим парламенттин кароосунда. (MTo)

XS
SM
MD
LG