Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07
Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Атамбаев: Орусия ГЭСтерди кура албайт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында журналисттерге бир жылдык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйынына чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан 140 журналист чакырылган. Анда жыл жыйынтыгынан сырткары, президент журналисттерди кызыктырган башка да суроолорго жооп берди. Журналисттерди ички жана тышкы саясаттагы болуп жаткан окуялар кызыктырды. Маселен, Атамбаев чыңалып турган Орусия-Түркия мамилеси, бир канча жылдан бери курулбай турган ГЭСтер, Сирияга согушка кетип жаткандар, сөз эркиндиги, 2017-жылдагы президенттик шайлоо жана башка ондогон суроолорго жооп берди.

Атамбаев өзүнө мураскор даярдабайт

Бул тууралуу бүгүн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал президентти эл шайлай турганын, шайлоо таза өтөрүн айтты.

- Атамбаев эч кимди мураскор кылып даярдабайт. Президентти эл шайлайт. Анын үстүнө шайлоо таза өтөт. Азыр кимди даярдаба ага добуш береби же добуштарын сатышабы билбейм. Азыр башкача болот. Менин бир гана максатым: эч ким өлкөнү ушул жолдон бурбай, өнүгүп-өссө. Азыркыдай электр энергиясын маал-маалы менен өчүргөн жана башка ушундай жагдайлар чечилсе дейм.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Ал мөөнөтү бүткөн соң китеп окуп, эс аларын, премьер-министр же спикер болуп,кызматка барбай турганын айткан. (КЕ)

Атамбаев: Орусия ГЭСтерди кура албайт

Бүгүн жылдык маалымат жыйынын өткөрүп жатып президент Алмазбек Атамбаев Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтериндеги долбоорлорун ишке ашыра албай турганын мойнуна алды.

Өлкө башчысынын айтуусунда, орус экономикасынын азыркы абалы буга жол бербейт.

“Чынын айтайын, эгер күтө берсек бул долбоорлор бир нече жылдарга токтоп калчудай. Мен Орусиянын президенти Путин менен да, энергетика министри менен да сүйлөштүм. Жазында ал бир жүйө айтты эле, жайында башкача айтты. Азыр андан башка сөздү сүйлөп атат. Ошон үчүн Путинге ачык айттым, таарынбагыла, бирок биз башка өнөктөш издешибиз керек деп. Бул эми Орусияга деле жеңил, милдеттенмелеринин биринен кутулат эле. Бул ГЭСтерге инвестор табылат деп ойлойм”, деди Атамбаев.

Ошондой эле президент муну моюнга алуу оор экенин, бирок, абал ушундай экени анык болуп турганын кошумчалады.

Буга чейин маалым болгондой, Камбар-Ата-1 ГЭСи менен 8 чакан ГЭСтен турчу Жогорку Нарын каскадынын курулушуна болжол менен эки миллиард доллардан ашуун каражат жумшалары айтылган. Аларды Орусия курмакчы болуп, келишимдер түзүлгөн.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйынына чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан 140 журналист чакырылган. Анда жыл жыйынтыгынан сырткары, президент журналисттерди кызыктырган башка да суроолорго жооп берди. Журналисттерди ички жана тышкы саясаттагы болуп жаткан окуялар кызыктырды. Маселен, Атамбаев чыңалып турган Орусия-Түркия мамилеси, бир канча жылдан бери курулбай турган ГЭСтер, Сирияга согушка кетип жаткандар, сөз эркиндиги, 2017-жылдагы президенттик шайлоо жана башка ондогон суроолорго жооп берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG