Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Кыргызстан 4 жылда 4 млрд. доллар грант алды


Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны. 24-декабрь, 2015-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны. 24-декабрь, 2015-жыл.

Акыркы төрт жылда Кыргызстан сырттан 4 млрд. доллар грант алды. Бул тууралуу жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

“Бизге ушул жылдар ичинде башка өлкөлөр олуттуу жардам көрсөтүштү. 300 млрд. сомдук жардам алдык. Эми 2017-жылы каржылык көз карандысыздыкка жетүү - башкы максатыбыз болууда. Бул оңой эмес, бирок, биз ушул багытта ишибизди уланта беребиз”, деди Атамбаев.

Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында ушул тапта президент Алмазбек Атамбаев жыл ичиндеги иштери тууралуу маалымат берүүдө. Ага чет элдик жана жергиликтүү маалымдоо каражаттарынан 140 журналист чакырылган. (KE/MTo)

XS
SM
MD
LG