Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Чек ара кызматы: Жоголгон жоокердин дайыны билине элек


Бексултан Баридиновдун жакындары.
Бексултан Баридиновдун жакындары.

Бул тууралуу парламентте Чек ара кызматынын полковниги Абдыкерим Алимбаев билдирди.

“Бексултан Баридинов аттуу жоокер сууга түшүп келем деген боюнча кайткан жок. 300дөн ашуун адам издеди. Ал жоокердин сүрөтү, ал тууралуу маалыматтар бардык жерде турат. Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Казакстан чек арачыларына берилди. Издөө улантылууда, бирок, азырынча натыйжа бере элек”, деди чек арачы.

Чоң-Алайдын кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” бекетинде кызматта жүргөн аскер Бексултан Баридинов 23-августта жоголгон. Чек арачылар алгач анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдашкан.

Ош аскер прокуратурасы 14-сентябрда жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка кетип, изи табылбай калганын аныктап, кылмыш ишин козгогон.

Алимбаевдин айтуусунда, буга байланыштуу Ош, Жалал-Абад аймактык чек ара башкармалык жетекчилери, орун басарлары, “Карамык” чек ара бекетинин жетекчилери жумуштан алынган. (МТо)

XS
SM
MD
LG