Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Президент мышыкты жакшы көрөт, төө буурчак жебейт


Президент Атамбаев жылдык маалымат жыйынында. 24-декабрь, 2015-жыл.

Президент Атамбаев жылдык маалымат жыйынында. 24-декабрь, 2015-жыл.

Жылдык маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев орус-түрк мамилеси, Кумтөр, экономика, диний радикализм жаатындагы темалардан тышкары жеке өзүнө байланыштуу суроолорго да жооп берди. Президент мышыкты жакшы көрөрүн, үйүндө ит жана мышык багарын билдирди. “Жаныбарлар адамдарга жардам беришет”, деди Атамбаев.

Ошондой эле акыркы күндөрү биртоп талаштарды жараткан төө буурчак боюнча да оюн айтты: “Жубайым салатка кошуп жегенди жакшы көрөт. Ал жада калса Кытайдан рецебин да алып келген экен. А чынын айтсам, мен аны жактырбайм. Маселени мындай жол менен чечүү туура эмес. Менимче, эмне жакшы сатылса ошону эгиш керек”, деди президент.

Аз илгерээк өкмөт башчы Темир Сариев төө буурчак атамекендик азык, анан да арзан экенин белгилеп, андай баалуу азыктарды арбын колдонуу зарылдыгын айткан. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, премьер-министр элди эт ордуна төө буурчак жегиле деп үгүттөп жатат деген сындар айтылган. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG