Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Президент Алмазбек Атамбаев бачабаздарды актап салууну колдойт. Бул тууралуу ал жылдык маалымат жыйынында билдирди.

“Мен бачабаздар менен террорчуларга өлүм жазасын киргизмекмин. Бирок буга биздин Конституция жана эл аралык милдеттенмелерибиз тыюу салат. Мындай кылмышкерлер менен жапайы ыкмада күрөшүү керек. Анткени алар адамдар эмес. Жакында эле атасы баласын зордуктап салганы, а жакындары аны коргоого аракет кылганы тууралуу маалыматты уктум. Мен алардын ордунда болгондо кылмышкерди ташбараңга алмакмын. Кээ бир уюмдар адам укугу бузулуп атат деп айтып жатышат. А баланын укугун ким коргойт,” - деди президент.

Ошондой эле Атамбаев террорчуларга карата чараны күчөтүү зарылдыгын, Сириядагы “Ислам мамлекети” диний-радикал тобуна ыктыярдуу кошулуп кеткендерди өлкө жарандыгынан чыгаруу керектигин айтты. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG