Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Сариев: Мамлекеттик ипотекага 5-7 млрд. сом каралат


Өкмөт башчы Темир Сариевдин парламентте билдиргенине караганда, мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык насыяларды берүү үчүн эмдиги жылга 5 - 7 миллиард сомдун айланасында каражат каралууда.

Анын айтымында, бул сумманын 300 миллион сому Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы.

“Негизги сумма Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан жана Социалдык фонддон алынат. Насыя алчулардын тизмеси боюнча кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Азыр ала тургандардын критерийлери иштелүүдө”, деди Сариев.

Өкмөт башчынын айтымында, насыялар 2016-жылдын январынан тарта бериле баштайт. (МТо)

XS
SM
MD
LG