Сауд Арабиянын Жизан шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн кеминде 25 адам ажал таап, 107 киши жаракат алды. Жергиликтүү бийликтер өрт бүгүн эртең менен шаардагы башкы оорукананын биринчи кабатында жайгашкан төрөт бөлүмүнөн чыкканын билдирди. Жарандык коргоо министрлигинин кабарлоосуна караганда, азыр өрт өчүрүлүп, анын себептери иликтенүүдө.
Жизан өлкөнүн түштүк-батыш тарабындагы шаар.