Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

1-Май райсоту Саматовдун арызын канааттандырды


Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

Бул тууралуу “Азаттыкка” "Республика Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Жыргалбек Саматов өзү билдирди.

Анын айтуусунда, Борбордук шайлоо комиссиясынын Жыргалбек Саматовду депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу чечимин жокко чыгаруу арызын Биринчи Май райондук соту канааттандырды.

“Сот отурумунда чечим биз тарапка чечилди. Эми ага ылайык, мен Жогорку Кеңештин толук кандуу депутатымын”, деди Саматов.

Мурдараак БШК Саматовду Орусия жараны деп негиздеп, мандат берген эмес. Буга каршы Саматов Жогорку Соттон БШКны утуп, мандат алган болчу. Шайлооком ага орун бошотуш үчүн Болот Ибраимжановдун ыйгарым укуктарын токтоткон.

Бир жума өтпөй БШК Саматов сотко жалган документтерди көрсөткөн, муну далилдеген документ Орусиядан келди деген жүйө менен кайра депутаттыктан четтеткен эле. (МТо)

XS
SM
MD
LG