Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Украин парламенти Орусияга каршы санкцияларды жактырды


Украин парламенти

Украин парламенти

Жогорку Рада бүгүн өкмөткө 2016-жылдын 1-январынан тарта Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Буга чейин премьер-министр Арсений Яценюк украин өкмөтү Орусия эркин соода аймагы боюнча келишимди токтотуп, азык-түлүк эмбаргосун киргизүүсүнө жооп берүү боюнча чараларды сунуштоого ниеттенип жатканын айткан.

21-декабрда Орусия премьери Дмитрий Медведев Орусияга санкция киргизген өлкөлөргө киргизилген азык-түлүк эмбаргосу жаңы жылдан тарта Украинага да тиешелүү болору тууралуу токтомго кол койгон. Медведев муну Украина 2016-жылдан тарта Евробиримдик менен ассоциация келишиминин экономикалык бөлүгүн аткаруу чечимин жарыялоосу менен байланыштырды.

Орусия президенти Владимир Путин 16-декабрда 2016-жылдын 1-январынан тарта Украина менен эркин соода аймагы боюнча келишимди токтотуу боюнча жардык чыгарган. Бул келишимге тараптар 2011-жылы кол койгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG