Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Сирия бийлиги Женева сүйлөшүүсүнө катышууга даяр


Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем Бээжиндеги маалымат жыйынында, 24-декабрь, 2015-жыл.

Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем Бээжиндеги маалымат жыйынында, 24-декабрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем 24-декабрда Кытайга сапары учурунда билдирди. 18-декабрда Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияда тынчтыкты орнотуу боюнча чечимди бир добуштан кабыл алган. Тынчтык сүйлөшүүнү январь айынын аягында Женевада өткөрүү белгиленди.

Өткөн жылы Сирия бийлиги менен оппозиция өкүлдөрүнүн Женевадагы эки жолку сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган. Сирияда жарандык согуш 2011-жылы март айында тутанып, ал 250 миңден ашуун кишинин өлүмүнө, миллиондогон адамдардын үйүн таштап кетүүсүнө алып келди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG