Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Орусия Индияда 6 атомдук энергоблок курат


Индия өкмөт башчысы менен Орусия президентинин ишкерлер менен жолугушуусу, Москва, 24-декабрь, 2015-жыл.
Индия өкмөт башчысы менен Орусия президентинин ишкерлер менен жолугушуусу, Москва, 24-декабрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-декабрда Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Жаңы атомдук энергоблоктор жакынкы 20 жылдын ичинде курулат. Путин ошондой эле эки өлкө жаңы муундагы аскерий учак жана жүк ташуучу учак курууда кызматташарын билдирди. Орус президенти эки өлкөнүн “артыкчылык берилген стратегиялык өнөктөштүгүн” кубаттоого алды:

-Мамиле бардык тараптан өнүгүп жатат. Анын ичинде саясий мүнөздөгү маселелерде, тышкы саясатты координациялоодо жана экономикада.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди “Индияны экономикалык жактан трансформациялоодо Орусияны көрүнүктүү өнөгү катары көрүп жатканын” айтты. Индия премьер-министри Орусияга 23-декабрда келип, 24-декабрда негизги сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG