Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Т.Сариев: Кумтөр келерки жылы токтобой иштеш керек


Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен 4200 метр бийикте жайгашкан.
Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен 4200 метр бийикте жайгашкан.

Мындай билдирүүнү өкмөт башчы Темир Сариев 24-декабрда Жогорку Кеңеште жасады. Анын айтуусунда, өкмөт менен парламенттин Кумтөрдүн тынымсыз иштөөсүн камсыздоо боюнча чечими бар. Ошондуктан “Суу кодексине” өзгөртүү киргизилгенге чейин Кумтөрдүн иштөөсүн убактылуу узарта туруу чечими кабыл алынат.

Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөрдүн абалын атайын комиссия иликтеп чыкты, алардын корутундусу өкмөттө каралат. Кумтөр кенинен келерки жылы бюджетке 5 млрд. сомдон ашуун киреше түшөрү белгиленген. “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү аркылуу кен казыла турган жерлердеги мөңгүлөрдүн тагдыры аныкталмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG