Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Келерки жылы мамлекеттик, бюджеттик кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтуусунда, буга бюджеттеги каражаттын тартыштыгы себепкер.

“Эмки жылы социалдык тармакка бөлүнүүчү акчаны жогорулаттык. Жөлөк пул 11 пайызга көтөрүлөт. Ал эми айлык акыларда өзгөрүү болбойт. Ошентсе да, ага кошумча каражат издеп көрөбүз”, деди Касымалиев.

Быйылкы жылкы эсеп боюнча, Кыргызстанда орточо айлык акы 12,5 миң сомду түздү. Ошол эле учурда жыл ичинде кыргыз сому долларга карата 30% чейин арзандаган. Мындан улам айрым активисттер өкмөт айлык акыларды индексациялап, көбөйтүшү керектигин айтып чыгышкан. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG