Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Балыкчынын мэрине кылмыш иши козголду


Балыкчы шаар башчылыгы.
Балыкчы шаар башчылыгы.

Балыкчы шаарынын мэри Сатыбек Шамшудиновго 3 берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Калаа башчысына кызмат абалынан кыянат пайдаланган, мамлекет кызыкчылыгына шайкеш келбеген келишим, сатып алууларды ишке ашырган, мыйзамсыз байыган деген айыптар тагылууда.

Маалыматка караганда, мэрия трансформаторлорду сатып алууга 1,2 млн. сомго тендер өткөргөн. Буга карабастан шаар башчы Шамшудинов кошумча тендер өткөрүп, аны “Испытатель и БСУ” ЖЧКсы утканы жарыяланган. Тендер өткөрүлгөн убакта компаниянын жалгыз негиздөөчүсү кайра эле мэрдин өзү экени аныкталган. (МТо)

XS
SM
MD
LG