Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

КСДП акыйкатчы кызматына Кубат Оторбаевди көрсөттү


2010-жылдан тарта Кубат Оторбаев төрт жыл ашуун КТРКны жетектеген.
2010-жылдан тарта Кубат Оторбаев төрт жыл ашуун КТРКны жетектеген.

Парламенттеги социал-демократтар фракциясы акыйкатчылыкка Коомдук биринчи каналдын мурдагы директору Кубат Оторбаевди көрсөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДПнын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, фракция тандоосуна 29 кишинин талапкерлиги коюлган. Жыйынтыгында Чолпонкул Арабаев 3, Кайрат Осмоналиев 2, Токтайым Үмөталиева 1, Кубат Оторбаев 29 добуш алган.

10-декабрда парламент акыйкатчы шайлоо өткөрүп, 3 ирет тандоо болгонуна карабастан эл өкүлдөрү талапкер тандай алган эмес. Шайлоодо КСДП талапкери 1-айлампада эле атаандаштыктан четтетилген. Социал-демократтар буга өчөшүп 3-айлампага оппозиция сунуштаган талапкерди өткөрбөй койгонун "Республика Ата-Журт" фракциясынын өкүлдөрү айтып келатышат. (МТо)

XS
SM
MD
LG