Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:18

Орусияда акча алмаштыруу эрежеси катаалдашты


АКШ долларынын орус акчасына карата кымбатташы.

АКШ долларынын орус акчасына карата кымбатташы.

Орусиянын Борбордук банкы киргизген жаңы эрежелер боюнча 28-декабрдан тартып 15 миң рублдан ашык акчаны накталай алмаштырууну көздөгөн кардарлардан өздүк маалыматтар, анкета толтуруу талап кылынат.

Мындай чечим “Кылмыш жолу менен алынган акчаны өлкөдөн чыгарып кетүүгө жол бербөө, террорчулукту каржылоонун алдын алуу” тууралуу федералдык мыйзамдын негизинде кабыл алынды.

Адистердин баамында, жаңы эрежелер акча алмаштыруу операцияларынын кечеңдешине алып келет. Банктар накталай эмес жолдор аркылуу акча которууга умтулушу мүмкүн. Бул жагдайдан улам акча алмаштыруучу жайлар азайышы ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG