Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Нарында көмүрдү кымбаттатпоо тууралуу келишим түзүлдү


Калкты көмүр менен камсыздоо максатында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы жана жеке ишкерлер менен түзүлгөн 3 тараптуу келишимдин негизинде Нарын шаарынын борбордук аянтына 8 жүк ташуучу машина менен Кара-Кече көмүр кесиминен көмүр алынып келинди.

Мындай иш аракетти облус башчысы Аманбай Кайыпов шаарда көмүрдүн баасы 4000 сомго чейин кымбаттап кетиши менен түшүндүрдү.

“Элге жеңилдик болсун деп 3 тараптуу келишим түздүк. Анын негизинде кардарлар кайрылып канча тонна көмүр керек десе, облустун кайсы аймагы болбосун баасын 3500 сомдон ашырбай сапаттуу көмүр түшүрүп турат”, деди Кайыпов.

Учурда Нарында 1 тонна көмүр баасы 3500-4000 сомдон сатылууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG