Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Индиянын премьер-министри Ооганстанга келди


Ооганстан парламентинин жаңы имараты, 25-декабрь, 2015-жыл.

Ооганстан парламентинин жаңы имараты, 25-декабрь, 2015-жыл.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 25-декабрда Кабулга келип, индус өкмөтүнүн эсебинен курулган ооган парламентинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Ооганстандын коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Таваб Корзанг Индиянын өкмөт башчысы Моди менен аймактык коопсуздук маселеси талкууга алына турганын билдирди.

Индия жакында үч аскер учагын Ооганстанга белекке берген. Индиянын өкмөт башчысы Модинин бул иш сапары ал кызматка киришкенден берки Ооганстанга биринчи жолу келиши. Индиянын эсебинен курулган ооган парламентинин жаңы имараты эки палатанын депутаттарынын тең жыйналыш өткөрүүсүнө ылайыкташкан.

XS
SM
MD
LG